УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ысык-Көл башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурбек Сакыевдин ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырды.
Ал кечээ, 21-июнда Чолпон-Ата шаары менен Ысык-Көл районунун жергиликтүү бийлик жетекчилери жана аталган аймактагы эс алуу жайларынын ээлери менен жолукту.
Жыйын учурунда УКМКнын төрагасы Сакыевди ордунан тургузуп алып, андан бул тармакта канча жылдан бери иштеп келе жаткандыгын сурады.
«2001-жылдан бери иштеп келе жатасызбы? Эмнегедир сизди карап эле шектене баштадым… Көзүм неме да, «сразу выявляю». Сиз капа болбосоңуз ишиңизди бир сыйра текшертип койбоюнбу? Уруксат бересизби? 25 жылдан бери иштеп жатыпсыз. Мыйзам бузуулар табылса, камалып калсаңыз, капа болбойсузбу? Өзүңүзгө ишеничтесизби?», — деди ал.
Ташиев жер тилкелерин бөлүү боюнча мыйзам бузуулар эң көп Ысык-Көл облусунда катталарын кошумчалап, УКМКнын райондук жетекчисине тапшырма берди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram







