Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси боюнча комитети «Камбар-Ата ГЭС-1″ долбооруна техникалык жардам көрсөтүү үчүн кошумча каржылоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну биринчи окууда кабыл алды.
«Камбар-Ата ГЭС-1» долбоору үчүн 13,6 миллион доллар керектелсе, анын 2 миллионун Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы гранттык негизде берет. Бөлүнгөн каражаттардын жалпы суммасы 13,6 миллион долларды түзөт, анын ичинен 11 миллион доллар Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын кредити жана 2,6 миллион доллар гранттык каражаттар.