Камчы Көлбаевдин жан сакчысы «Узун Улан» бийликти колдой турганын билдирди

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жеке жан сакчысы катары таанымал «Узун Улан» каймана аттуу Улан Барчакеев дагы криминалдык макамдан баш тартты. Мындай билдирүүсү жазылган видео соцтармакка тарады.

«Мен Улан Барчакеев бардыгын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузбоого чакырам. Ошол эле учурда кылмыштуу дүйнөдө эч кандай авторитетке ээ эместигимди жана макамым жоктугун тастыктайм. Бийликти колдойм жана мыйзам бузбайм», — деди ал.

4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операцияда УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүүдө өлтүрүлгөн. 5-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Мындан ары «мыйзамдагы ууру» деген болбойт» деген. Ошол эле күнү “Сакал” каймана аттуу кримтөбөл “мыйзамдагы ууру” макамынан баш тартканын айтса, 6-октябрда «Женго» каймана аттуу кримтөбөл эч кандай макамы жок экенин билдирген.