«Камчы Көлбаевдин жок кылынганы мисал». Ташиев уюшкан кылмыштуулукту түп тамырынан жок кылуу тапшырмасын күчөтүүнү эскертти

Бүгүн, 5-октябрда капиталдык оңдоодон кийин УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Токмок шаардык бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Жаңы имарат УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан салтанаттуу ачылды. Ал кызматкерлерди куттуктап, атайын кызматтын өлкөдөгү бардык бөлүмдөрүнө жетиштүү шарт түзүү аракети уланаарын белгиледи. Ошондой эле, коррупцияга каршы күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукту түп тамырынан жок кылуу тапшырмасын күчөтүүнү эскертти. Аны менен катар УКМКнын төрагаcы уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жана мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу боюнча мыйзамдын негизинде тийиштүү чаралар улантылып жатканын белгиледи. Буга кечээ, 4-октябрда УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн кримтөбөл Камчыбек Асанбектин жок кылынганын мисал келтирди.