Камчы Көлбаевдин өлтүрүлгөнү боюнча депутат Медер Алиев эмне дейт?

4-октябрда «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлдү. Анын өлтүрүлгөнү боюнча депутаттарга кайрылып көрдүк.

«Аталган инсан «мыйзамдагы ууру». Биз да ЖМКдан кабар алдык. УКМК тарабынан каршылык көрсөтүлгөнү үчүн атып өлтүрүлдү. Мусулманчылыкта өлгөн адам тууралуу жаманбы же жакшыбы ыйманы саламат болсун дейт. Бирок менин пикиримде мыйзамдуу өлкөдө уюшкан кылмыштуулук менен сөзсүз күрөш болушу керек. Биз мыйзамдуу өлкөбүз», — деди депутат Медер Алиев.