Камчы Көлбаевдин унаалары аукциондо сатылат

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик 6 унааны сатуу боюнча электрондук аукцион жарыялады. Билдирүүдө унаалар Министрлер кабинетине таандык экени айтылат. Бирок алар мурда криминалдык төбөлгө таандык болгон.

«Бул унаалар Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаев) үй-бүлөсүнө мүлктү мамлекеттин пайдасына бекер берүү келишиминин негизинде өткөрүп берилген», — деп билдиришти.

Сунуштаган баштапкы баа:

2021-жылкы BMW Alpina XB7 — 18 миллион сом;

2019-жылкы Hyundai Genesis — 2,8 миллион сом;

2019-жылы Kia Rio X-Line — 1,15 миллион сом;

2017-жылкы Mercedes-Benz S600 — 25,5 миллион сом;

2013-жылкы Mercedes-Benz G500 — 5,4 миллион сом;

2005-жылкы Toyota Land Cruiser Prado — 1,25 миллион сом.