Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин тууганы ооруканада каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайты жазып чыкты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Камчыбек Жолдошбаевдин жээни жана ал 35 жашта болчу. Маалым болгондой, үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам ал аялы тарабынан бычакталып, ооруканага өз алдынча унаасы менен жетүүгө аракет кылган. Бишкектеги көчөлөрдүн бири менен бара жатып, эсин жоготуп, жеңил унааны сүзгөн. Жаран жакынкы ооруканага жеткирилген, бирок ал бир-эки сааттан кийин каза болгон. Болжол менен өлүмгө кан жоготуу себеп болгон. Депутат өзү бул маалымат боюнча комментарий бере элек.