Ташиевдин тууганы официантты сабап салганбы? Окуянын катышуучусу элге кайрылды

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары ушул жылдын 18-августка караган түнү Жалал-Абад шаарындагы «Достук» кафесинин официантынын денесине залал келтирип, белгисиз тарапка качып кеткен адамдардын УКМКнын төрагасынын тууганы экенин жазып чыгышкан. УКМК бул тууралуу комментарий берип, ал маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди.

Ал эми окуянын катышуучусу Нургазы Мамасадыков видео кайрылуу жасап, окуяны түшүнбөстүк деп атады.