Бүгүн, 31-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн 2 үй-бүлөдөгү 3 эмдерден кабар алды.
Алгач Ташиев Кара-Суу төрөт үйүнө барып, ал жерде 27-октябрда төрөлгөн 3 эмди көрдү. Үч эмдин ата-энеси Мырза Кыргызбаев жана Айжаркын Кыргызбаеванын үй-бүлөсүнө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 миң сом акчалай белек жана алгач УКМК кызматкерлери үчүн делип курулган Ош шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин тийиштүү документтерин тапшырды.
Үй-бүлөнүн турмуш шартын мындан ары да көзөмөлдөп турарын белгиледи. Үч эмге Таңсулуу, Күнсулуу, Нурсулуу деген ысымдар ыйгарылган, абалы жакшы.
Андан соң Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун дагы бир 3 эмдүү болгон Жоош айылындагы Мирлан Дастан уулу жана Нуриза Алмазбек кызынын үй-бүлөсүнө барды. Бул наристелер ушул жылдын 12-октябрында жарык дүйнөгө келген. 2 уул бир кыздуу болгон жаш үй-бүлөгө да президенттин атынан 500 миң сом акчалай белек ыйгарып, аларга да тез күндө Ош шаарынан 3 бөлмөлүү батир белек кылаарын убадалады. Бул үч эмге Атай, Бакай жана Асель ысымдары коюлган, абалдары жакшы. Атасы Мирлан Дастан уулу аскер кызматкери.
Эки үй-бүлө тең президент Садыр Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдиришти.