Камчыбек Ташиев элдин нааразычылыгынан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин убадалады

Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер боюнча УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Ташиев жер алмашууга нааразы болгон кыргызстандыктардын талабынан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин айтты.

«Эми мындай кылсак болот, азыр ойлоп жатам. Алар (ред. Өзбекстан) тосуп алган 20 гектар жерин алмашалы деп айтайын. Элүү эмес, жыйырма гектарды. Мейлиби? 20 гектарды тосуп, калган жерди эле алгыла. Ушул жерден токтойлу, берки жакка чыкпагыла дейин», — деди Ташиев.