Камчыбек Ташиев Айт намазды Бишкек шаарындагы эски аянтта окуду

Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Курман айт майрамына карата намаз окулду. Анда муфтий Замир Ракиев кыргызстандыктарды бул күн менен куттуктап өттү.

Айт намазга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Марлен Маматалиев, Эмил Токтошев баштаган Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана шаар тургундары катышты.