Камчыбек Ташиев акыркы 2 жылда аскердик техникаларды жаңылоого канча каражат жумшалганын айтты

Бүгүн, 20-июлда Министрлер кабинетинин жыйыны өтүп жатат. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп жатып, эки жылда өлкөнүн коргонуусуна канча каражат жумшалганын айтып берди.

«Аскердик техникаларды жана курал-жарактарды масштабдуу түрдө жаңыладык. 2005-2020-жылдары бул багытка 3-5 миллиард гана сом жумшалса, 2021-жылы 32 миллиард сом жумшалган. 2022-жылы 53 миллиард сом жумшалган. Эки жылда 85 миллиард сомдон ашты. Ал эми быйылкы жарым жылдыкта 40 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү«,- деди ал.