Камчыбек Ташиев Ала-Бука районунун эли менен жолукту

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ала-Бука районунун Көк-Таш айылынын эли менен жолукту. Чек ара маселесине байланыштуу жолугушууга жергиликтүү тургундардан 200гө жакын адам келди.

Райондун акиминин милдетин аткаруучу Бектур Сагымбаевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Камчыбек Ташиев элге чек ара боюнча маселе өзүнүн процедурасы менен чечилет деген жообун айтты.

Кечээ, 25-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушуу өткөргөн. Анда Гавасай тилкеси жөнүндө да сөз болгон.

«Гавасайдан 8 миң гектар жерди өзүбүзгө алып жатабыз. 1956-жылы Гавасай деген чоң тилке Өзбекстанга өтүп кеткен. Ал жерде 5 кыргыз айыл бар. Документтерде 19 миңден ашуун гектар деп жүрөт, бирок тактай келсек, 15-16 миң гектар чыкты. Ошонун 8 миң гектарын алып жатабыз. Аны эмненин эсебинен алдык? Аны дал ушул Кемпир-Абад суу сактагычтын эсебинен алдык», — деген Ташиев.

Жергиликтүү тургундар ал жерлер илгертеден эле кыргыздарга таандык экенин айтып, нааразы болушууда.