Камчыбек Ташиев аскер кызматкерлерине батирдин ачкычын тапшырды

Бүгүн, 12-сентябрда Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылында 2026 жана 2031 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын директору, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, аскер бөлүктөрүнүн колбашчылыгы жана өздүк курамы, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү жана Чек ара кызматынын ардагерлери катышышты.

Төрт кабаттуу үй аскердик шаарчанын аймагында курулган. 36 батирлүү үйдүн курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны бекемдөө, өлкөнүн жана жалпы аймактын чек ара коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Көптөн күткөн жаңы батирлердин ачкычтарын 36 аскер кызматчынын үй-бүлөлөрү алышты. Жаңы турак-жай комплексинде алар үчүн көмүр сактоочу кампа менен өзүнчө откана, балдар үчүн аянтча жана унаа токтотуучу жайы каралган. Бул үйдөгү батирлердин орточо аянты 62-87 чарчы метрди түзөт. Үй жеке долбоор менен курулган.