Камчыбек Ташиев: «Бир дагы бандитти калтырбайбыз»

Кыргызстан уюшкан кылмыштуу топтор боюнча эң алдыңкы орунга чыгып кеткен. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокатка барганда билдирди.

«Уюшкан кылмыштуу топтор бардык жерде баарын ээлеп алышкан. Кыргызстанда бир дагы уюшкан кылмыштуу топ калбайт. Бир дагы бандитти калтырбайбыз. Ким баш ийбесе, мыйзам чегинде катуу жоопко тартабыз»,- деди ал.