Камчыбек Ташиев Бишкекке учуп келди

Бүгүн, 13-февралда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди Бишкекке учуп келди.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары анын орун басарлары да иштен алынды.

11-февралда Ташиев Германияда дарыланып жүргөндө аны кызматтан алуу боюнча Жапаровдун чечими «өтө күтүүсүз болгонун» билдирген.