Камчыбек Ташиев Бишкекте өлтүрүлгөн аялдын окуясы боюнча үн катты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекте тапанчадан чыккан октон улам каза болгон 48 жаштагы Жибек Урустемованын окуясына байланыштуу үн катты.

«Кечээ бүтүндөй өлкө жүрөк ооруткан жана нааразычылык жараткан кайгылуу окуя тууралуу укту. Анын натыйжасында үч баланын энеси болгон аял мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Эркек, ата жана мамлекеттин өкүлү катары ачык айтышым керек: мындай кылмышка эч кандай актоо жок жана болушу да мүмкүн эмес.

«Үй-бүлөлүк жаңжал», «эмоция», «алкоголь» же «жеке жагдайлар» тууралуу сөздөр адам башка бирөөнүн өмүрүн муздак кандуулук менен кыйганда маанисин жоготот. Айрыкча аялды, айрыкча энени. Бул тиричилик чыры эмес. Бул — адам өлтүрүү. Мамлекет аялдарды жана балдарды катуу коргоого милдеттүү жана коргойт. Ким аялга кол көтөрсө, ал тургай курал колдонсо, жоопкерчилик катуу жана сөзсүз болорун түшүнүшү керек. Мындай учурларда мыйзам эч кандай ырайымды билбейт.

Бул факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө, күнөөлүү адам мыйзамдын бардык катаалдыгы менен жазаланат. Бул — принципиалдуу позиция. Отчет үчүн эмес, адилеттик жана жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн. Каза болгон аялдын балдарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтам. Ошондой эле баары билип койсун дейм: мамлекет зомбулуктун эмес, жабырлануучунун тарабында»,— деген ал.

Бишкекте тапанчадан чыккан октон улам каза болгон 48 жаштагы Жибек Урустемова КЭУнун мугалими болгон. 23-декабрь анын туулган күнү болчу. Маркумдун апасы “Кызымды анын мурдагы жолдошу менин көз алдымда чыкыйына атты. Жаркыраган кызымды жоготуп, кан жутуп турам” дейт. Бул факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда. Урустемованын артында 3 баласы калды. SEREPTV телеканалы маркумдун каза болгонуна байланыштуу жакындарынын аза-кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.