Камчыбек Ташиев Бишкектеги оңдолуп жаткан стадионго барды (сүрөт)

Бүгүн, 1-август күнү Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Дөлөн Өмүрзаков атындагы Бишкек шаарынын башкы спорттук аренасынын капиталдык оңдоп түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бул көчмө жыйынга Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана КФБ башкы катчысы Медербек Сыдыков катышышты.

Ташиев капиталдык оңдоо иштери менен таанышып, оюн талаасынын абалын, трибуна алдында жайгашкан бөлмөлөрдү карап чыкты.

Белгилей кетсек, ушул жылдын сентябрь айынан тарта башкы стадион футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү турунун беттештерин кабыл ала баштайт. Ага карата стадиондун оңдоо иштери ыкчамдык менен жүрүп жатат.