Бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келип, кыргыз-тажик арасы боюнча маалымат берди.
«Султанбай Айжигитовго айып коёюн, бир дагы Достуктун тургуну туура эмес болду деп айткан жок. Депутат болосуңбу, министр болосуңбу, журналист болосуңбу ушул маселеге аяр мамиле кылыңыздар. Ал биздин баатырларыбыздын сөөгү чыккан жер. Качан конфликт болсо, ошол айыл зыянга учурайт, адамдар өлөт. Ошол нерсе болбошу керек. Чекит коюлушу керек.
Бардык эле, облус Баткенге барып жардам берип жатканда Султанбай Айжигитов Баткенге бир дагы жолу барып койгон эмес. Бир да адамга жардам берген эмес. Ушуну эсиңизден чыгарбаңыз, жөндөн жөн сүйлөгөн туура эмес болот. 2023-жылы апрель айында Баткенге барыптырсыз. 2023-жылы 28-27-июль барыптырсыз. 2024-жылы 30-мартта барыптырсыз. Болду. Ким туура айткан, ким туура эмес айтканын коомчулук чечип алсын.
Достук айылы Ворухка дарбаза дегениңиз. Мына караңыз, бир да нерсе жылдырган жокмун. Кантип Достук айылы Ворухка дарбаза болот? КГБда иштегениңиз тууралуу да маалымат алдым. Эмне үчүн жумуштан кеткениңиз тууралуу да маалымат алдым. Болгону 6 жыл иштептирсиз. Болгону бөлүм башчылыкка чейин жетиптирсиз. Чоң деле кызматта иштебептирсиз. Сингапурга кетип калганыңызды да билебиз.
Эмне үчүн бул киши ушундай ишке барып жатат деп текшерип көрдүм. Көрсө, сизди эч ким деле бузбаса керек. 2017-жылы баланы уруп коюп, анан беренелер алмашып атып, мөөнөтү өттү деп сизди кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон турбайбы. Бирок ошол боюнча маалымкатты БШКга бербептирсиз. Мен карап чыктым. БШК эртең Айжигитовдун мандатын алып койсо, таң калбаңыздар»,- деди төрага.