Камчыбек Ташиев бүгүн 56 жашка чыкты. Соцтармакта кандай куттуктап жатышат?

Бүгүн, 27-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 56 жашка чыкты. Ал 1968-жылы 27-сентябрда Жалал-Абад облусунун Барпы айылында туулган. Томск мамлекеттик университети менен Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.

Соцтармак колдонуучулары төраганы туулган күнү менен куттуктап жатат.