Камчыбек Ташиев чатырда жашап жаткан 5 балалуу энеге үй куруп берет

Буга чейин социалдык тармактарда Чүй облусунун Октябрь айылында Айзада Абдуллаева аттуу 5 балалуу эненин үй-жайы жок болгондуктан, бирөөнүн короосуна чатыр тигип жашап жатканы тууралуу маалымат чыккан. Жергиликтүүлөр жалгыз бой көп балалуу апага жардам берүү керектигин суранышкан.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 8-апрелде аталган айылга барып, Айзада Абдуллаева менен жолугуп, маселесин тактап, чечим кабыл алды. Эми тез арада Айзада Абдуллаевага аталган айылдан жер тилкеси бөлүнүп, Камчыбек Ташиев тарабынан бардык шарттары бар жаңы турак-үй курулуп берилери маалымдалды.