Камчыбек Ташиев чек арачыларга жаңы үйлөрдүн ачкычын тапшырды

Бүгүн, 14-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда чек арачылар үчүн курулган жаңы турак-үйдүн ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Эки кабаттан турган турак-жайда 20 батир бар, үй заманбап шарттар менен камсыздалган. Бул турак-жайда чек арачылар үй-бүлөлөрү менен жашайт. Балдар ойноочу аянтча, спорт залы, футбол аянтчасы жана башка тийиштүү шарттардын баары каралган. Ачылуу аземине чек ара кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнун жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары катышты.