УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн Германияга учуп кетти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн Германияга учуп кетти. Ага кан тамырындагы тромбду алып салуу үчүн клиникалардын биринде операция жасалат. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

“Менин артымдан ар түрдүү сөздөрдү айтпастан дуба кылып туруңуздар. Мен силердин жардамыңарга муктажмын, буюрса баары жакшы болот. Элибиздин келечеги үчүн бүт өмүрүмдү арноого милдеттүүмүн», — деп жазган эле саясатчы соцтармактагы баракчасына. Бирок Ташиев чет өлкөгө дарыланууга кетердин алдында кайсы өлкөгө барарын айткан эмес.

2020-жылы ноябрь айында ал жүрөгү ооруп бейтапканага түшүп калган.