“Саясат.kg” порталы Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге телефон аркылуу байланышып шайлоо боюнча суроолорго жооп берген.
— Камчыбек Кыдыршаевич, саламатсызбы? Шайлоого байланыштуу сурообуз бар эле? Угушубузга караганда, депутат боло турган адамдардын тизмеси эчак бекитилип калыптыр. Кээ бир талапкерлер сиздерден бата алып, аттанганын ачык эле айтып жүрүшүптүр…
— Мен дароо эле айтам: ишенбегиле! Мурунку бийликтер жасаган катаны биз кайталабайбыз. Ооба, бата берип жүрүшкөн. Мына ошол бата берген журт башчылары азыр кайда? Бизде орун алган бийлик алмашуулар, революциялар дал ушунун айынан чыкпады беле! Көндүм адаттын калышы кыйын, мен да айрым депутат болгусу келгендердин бизге жол издеп, жолугуп, бата алууга умтулуп жүрүшкөнүн билем. Жада калса, жакын адамдарыбыздын арасында да андайлар бар. Буга окшогондорго ажобуздун да, менин да убактыбыз жок. Өзүбүздүн жумуш чачтан көп, уйкубуз аз. Ачыгын айтканда, биз таза шайлоо өткөрүү ниетинде абдан чоң жумуш жасадык. Анткени, биз да убагында канчалаган шайлоолорго катышып, азабын тартып келгенбиз. Азыр болушунча адам факторун азайттык, санарипке өттүк. Шайлоочулардын кызыкчылыгы биринчи орунда болду. Эгерде биз өз адамдарыбызды алып келүүнү көздөсөк, ушунун баарын жасаштын эмне кереги бар эле? Эски шайлоо системасын калтырып, жыргап жата бербейт белек анда?!
— Демек, сиздердин атыңыздарды жөн эле сатып жүрүшөт да?
— Ооба. Кайсы бир кездерде талапкерлерге бийликти сындап чыккан ыңгайлуу болчу. Акыркы беш жылдагы өзгөрүүлөрдөн кийин, тескерисинче, бийликти колдогон адамдарда шанс жогору. Ошондуктан да, биздин атыбызды пайдаланып атышат го. Алдыдагы шайлоону таза өткөрүү үчүн көзөмөл күчтүү болот. Мен талапкерлерге эскертип коеюн: “билбей калат” деп ар кандай көз боемочулукка баргандан алыс болгула. Баары бир ачыкка чыгып калат. Андай учурда жаза катуу болот! — Биздин суроолорго жооп бергениңиз үчүн рахмат айтабыз! — Сиздерге да рахмат, туура маселе менен кайрылдыңыздар. Элиме айтаарым: кайдыгер болбой, шайлоого келип бериңиздер. Тандоодон адашпаңыздар.