Камчыбек Ташиев эртеңден баштап өлкөдө бир дагы сойкукана болбой турганын айтты

«Эртең, 1-декабрдан баштап, Кыргызстандын аймагында бир дагы интим кызмат көрсөткөн түйүн болбойт». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«УКМК кызматкерлеринин оперативдүү иш-чараларынын артыкчылыктуу милдети катары жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн ар кандай оюн-зоок жайларын, мончо комплекстерин жана сойкуканаларды уюштуруудагы мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө зарылдыгын эскертти. Ошондой эле, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине 1-декабрга чейин республика боюнча мындай мекемелердин ишин токтотуу тапшырмасы берилди. Өз учурунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине аталган мекемелердин мындан аркы иши тууралуу маалымат келип түшсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери ээлеген кызматтарынан четтетилээри айтылды», — деп айтылат маалыматта.