Камчыбек Ташиев «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына барды (сүрөт, видео)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ак-Сай аймагындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына барды. Бул тууралуу анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов кабарлады.

«Учурдагы абалды көрүп чыгып, аталган жердеги аскер кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Сунушталган бир топ маселелерге жеринен чечим кабыл алынып, тийиштүү мамлекеттик кызматтарга тапшырмалар берилди. Аймактагы жалпы кырдаал жана жарандарыбыздын көйгөйлөрүн тез арада жөнгө салуу иши өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан жеке көзөмөлгө алынганы белгиленди», — деп жазылат билдирүүдө.