Камчыбек Ташиев Индияда операция жасатып келген 11 жаштагы өспүрүмгө жолукту

Чет өлкөдөн операция болуп келген 11 жаштагы Дайырбек Маматкалыевди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кабыл алды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бүгүн, 24-январда Камчыбек Ташиев Индияда сөөк чучугун алмаштыруу операциясынан өткөн Дайырбек Маматкалыев менен кайрадан жолугушту. Буга чейин химиотерапия курсун аяктаганына карабастан, курч лимфобласттык лейкозду толук дарылоо үчүн Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлеринин сунушу менен балаИндияда жилик чучугун алмаштырууга муктаж болгон. Бирок медициналык процедураларды каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу анын ата-энеси 2022-жылдын декабрь айында УКМК төрагасына жардам сурап кайрылган.

Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсү менен 2022-жылдын 23-декабрында УКМК тарабынан өспүрүмдү жана анын ата-энесин Фортис клиникасына жөнөтүүгө, кароодон өтүүгө жана операциясын каржылоого көмөктөшкөн. Ийгиликтүү операциядан кийин бала дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, андан соң баланын ата-энесин УКМКнын төрагасы кайрадан кабыл алган жана анын толук айыгып кетүүсүнө колдон келген жардамды көрсөтүүгө убадасын берген. 28-декабрда бала атасы менен кайрадан Индияга текшерүүдөн өтүү үчүн жөнөп кетишкен жана Бишкекке келгенден кийин УКМКнын төрагасына жолугушуу өтүнүчү менен кайрылышкан. 24-январда УКМКнын төрагасы баланы жана анын атасын кабыл алды.

Өз кезегинде Дайырбек Маматкалыевдин үй-бүлөсү материалдык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, баланын ден соолугу жакшы экендигин кошумчалады. Ал эми Камчыбек Ташиев балага чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап, келечекте коопсуздук кызматкерлеринин катарын толуктайт деген ишенимин билдирди.