Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда миң кишиге ооз ачар өткөрдү

29-апрелде Жалал-Абад шаарында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан ооз ачар сый-тамагы берилди. Ага аймактагы миңден ашуун тургундар чакырылган. Жергиликтүү дин кызматкерлери да катышып, өткөндөргө Куран окулду.

Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, чогулгандарга өлкө башчысы Садыр Жапаровдун саламын жеткирди.