Камчыбек Ташиев жалгыз бой энеге батир белек кылды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жалгыз бой энеге батир белек кылды. Мындан сырткары аялдын банк карызы төлөнүп, паспорт алууга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Элеонора Нуралиева 1989-жылы туулган. Аны төрт жашында апасы белгисиз адамдарга 1500 сомго сатып жиберген. Андан кийин ал 13 жашка чыкканга чейин ар кандай адамдар тарабынан тарбияланган. 13 жашынан баштап балдар үйүндө тарбияланып, эч кандай билим алган эмес.

Анын төрт уулу бар. Балдардын атасы учурда аларды тарбиялоого же каржылык жактан колдоого катышпайт. Ал балдары менен Бишкек шаарындагы кризистик борборлордун биринде жашап келген.
Буга чейин ал  тигүүчү машиналарды сатып алуу үчүн насыя алган, бирок төлөй албай калган.
Кыйын кырдаалды эске алуу менен Камчыбек Ташиев Бишкектен эки бөлмөлүү батирдин документтерин жана ачкычтарын тапшырды. Мындан тышкары, банк карызы төлөнүп, паспорт алууга жардам көрсөтүлдү.