«Камчыбек Ташиев жаран жана аскер башчы катары туура иш кылган». Соцтармакка тараган сүрөт боюнча УКМК үн катты

Социалдык тармактарда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кечээ, 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарада гимн жаңырган учурда оң колун жүрөк тушуна койгондо тартылган сүрөтү талкуу жаратты. Бул боюнча УКМКнын басма сөз кызматы үн катты.

«Мамлекеттик символдор жөнүндө» мыйзамга ылайык, мамлекеттик гимн расмий түрдө аткарылган учурда, катышуучулардын баары оң колун көкүрөктүн сол жагына коюшат, муну УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да аткарган. Ошол эле учурда генерал-лейтенант Ташиев министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин арасында болгонун, жана чакырылган ардактуу коноктор, өлкөнүн гимни ойногондо шарттуу түзүлүшүндө болгон. Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматынын уставына ылайык, мамлекеттик гимнди ырдап жатканда, катардагы аскер кызматчылары командасыз туруп жүрүшкө чыгышат, ал эми командирлер бөлүктүн жанында туруп колун баш кийимине коюп саламдашат, Камчыбек Ташиев ардактуу коноктордун шарттуу түзүлүшүндө болгондуктан, гимн ойнолгон учурда оң колун жүрөк тушка койгон. Бирок салтанаттуу экипаждар командирге ылайыктуу түрдө салтанаттуу марштын алдына келгенде Ташиев ордунан туруп, отургандардан бир кадам алдыга жылып, баш кийимге колун коюп, тосуп алды. Ошондуктан, ошол кырдаалга таянып, башчы бир эле учурда жаран жана аскер башчысы катары туура иш кылган», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары УКМК акылга сыйбаган сынга жол бербөөгө чакырды.