Камчыбек Ташиев: «Жарым жылда Тажикстан менен чек ара окуялары болгон жок»

«Алты айдын ичинде Тажикстан менен чек ара окуялары болгон жок«. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Ушундай эле тынч болсо экен. Биз буга болгон аракетти жумшап жатабыз. Мамлекеттик чек аранын 361 чакырымы тосулган, анын ичинен быйылкы жылы 12,6 чакырымы бекемделди. Жыл аягына чейин дагы 70 чакырым чек ара бекемделет», — деди Ташиев.