Камчыбек Ташиев жээни ипотекалык үйлөрдөн батир сураганын, өтүнүчүн четке какканын билдирди

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ипотекалык үйлөрдөн батир сураган жээнинин өтүнүчүн четке какканын билдирди.

УКМК төрагасы ипотекалык үйлөр муктаж болгон гана адамдарга берилерин белгилеген.

«Бир тууган эжемдин кызы «тага, мага бир батир алып бериңизчи» деп кат жазып жибериптир. Ага «жээним, сага батир берилбейт, эгер сага батир алып берсем, Ташиев туугандарына алып берип жатат деп башташат. Сага башка жол менен бир нерсе кылып таап берели» дедим. Ипотеканын үйлөрүн жөнөкөй адамдар алып, биздин атыбыз чыкпашы керек. Ушинтип үлгү болоюн деп жатам», — деген ал.