Камчыбек Ташиев Кара-Балтадагы балдар чыгармачылык үйүндө болду (сүрөт)

Кечээ, 17-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы балдар чыгармачылык үйүндө болду.

Иш сапардын алкагында УКМКнын башчысы аталган борбордун жетекчилиги менен жолугушту. Өз кезегинде атайын кызматтын башчысына студенттердин колунан жаралган ар кандай чыгармалар тартууланып, ошондой эле комузда ойногон музыкалык жөндөмдүүлүгүн көрсөтүштү, көптөгөн таланттуу балдар райондук, облустук, республикалык ар кандай кароо-сынактарга катышып байгелерге жана ардактуу орундарга ээ болуп келе жатышкандыгы айтылды.

Өз кезегинде УКМКнын башчысы Ташиев Балдар чыгармачылык үйүнө окуучулар үчүн компьютердик класс ачуу, жаңы комуз, интерактивдүү доска жана бул борбор үчүн эмерек сатып алуу түрүндө жардам көрсөтүп, дагы да келечекте бул борборго дагы керектүү жардамдар көрсөтүлөрүн белгиледи.