УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 2-сентябрда Чоң-Алай районундагы жумушчу сапарынын алкагында, аймактагы Тилек Баатыр атындагы Кара-Мык чек ара заставасына барды.
Ал чек ара заставасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, чек арачылардын күжүрмөн даярдыгы жана материалдык-теникалык базасынын абалын көрүп чыкты. Аскер кызматкерлери менен жакындан баарлашып, учурдагы шарттар тууралуу толук маалымат алып, чек арачылардын суроо-талаптарын угуп, жеринен ыкчам чечимдерди кабыл алды. Жергиликтүү жетекчилерге тийиштүү тапшырмаларды берип, заставанын чек арачылары үчүн тез арада жаңы турак-жайларды курууну баштоону жана техникалык каражаттарды толугу менен жаңылоону милдеттендирди.