Камчыбек Ташиев «Кара-Суу» базарына барды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кара-Суу» базарын текшерип барды. Ал базардын мамлекетке өтүп, соодагерлерге шарттар түзүлөрүн билдирди.

«Кара-Суу» базары мамлекеттин менчигине өтөт. Менчик ээлерин мыйзам чегинде тартипке салабыз. Байлар, криминалдар эч кандай мамлекетти коркута албайт», — деди ал.