Камчыбек Ташиев: «Кара-Суу» базарында соода борборлор курулат»

Бүгүн, 27-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев «Кара-Суу» базарынын абалы менен таанышып, соодагерлер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Жолугушууда Камчыбек Ташиев элдин суроолоруна жооп берип, базардын ээлери гана байыбастан соодагерлердин баарына бирдей заманбап шарт түзүлөөрүн билдирди.

«Мындан ары мамлекет ушул жерлерге катуу көз салат. Мамлекеттик программанын негизинде Кара-Суу базары толук бойдон мамлекеттин менчигине өтөт. 1 гектар, 2 гектар, 3 гектар, 5 гектар ээлеп алган байлар бар. Мыйзамдын чегинде бардыгын тартипке салабыз. Ал жерлердин бардыгы мамлекетке кайтарылат. Элге керектүү чоң-чоң соода борборлор түзүлөт. Анан 2-3-5 сотыхтан жерлерге кызыл китеби барларга ошол соода борборлордун ичинен менчик катары орундарды бөлүп беребиз. Жылуу-жумшак жерде отуруп алып, соодаңарды кыласыңар. Бардык шарттары менен, ичиндеги тамак-аш, дааратканадан бери куруп беребиз. Мунун баарын мамлекет жасайт. Мамлекеттин колунан келет. Мамлекет күчүнө, бутуна туруп калды. Эч кандай байлар, эч кандай криминалдар, акчасы көптөр бизди коркута албайт. Азыр эч кимди эч ким сатып ала албайт.

Ошондуктан урматтуу туугандар, мен силерден бир нерсени гана суранам,  ушул соода борборлорду куруп бүткөнгө чейин убакыт керек болот. Жаз келе баштаганда соода борборун куруу боюнча активдүү иштерди баштайбыз. Кудай буюрса, биринчи соода борборлор быйыл күзгө чейин бүтөт. Соода борборлорун салып, талкаланып жаткан жерлерди бошотуп, бошогон жерлерге жакшынакай кылып автоунаалар токтоочу жайларды куруп, шарттарды түзүп жасаганга бизге 2 жыл убакыт керек. Силер да сабыр кылгыла», — деп элге кайрылды.

Жыйынтыгында эл суроолорун берип, карапайым соодагерлерге да шарт түзүлүп жатканына ыраазычылыктарын билдиришти.