Камчыбек Ташиев: «Кара-Суу шаарына эл аралык талаптарга жооп берген стадион курулат»

Бүгүн, 16-майда УКМК төрагасы, Кыргыз Футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы «Манас» стадионун азыркы абалын көрүп чыкты.

Эскилиги жетип, талкаланып калган бул стадионду толугу менен эл аралык талаптарга жооп берген стадион кылып кайра жаңылоо тапшырмасын коюп, иштин жүрүшүн жана каржылык маселелерин жергиликтүү бийлик менен биргеликте өз көзөмөлүнө алып, чечээрин белгиледи. Өлкөдөгү стадиондорду жаңылоо жана куруу иштери мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде аткарылып жатканын айтты. Жергиликтүү активдер менен, мекеме ишканалардын жетекчилерине сүйлөп жатып, жемкорлука жол бербөө, өз милдеттерин так аткаруу зарылдыгын эскертип өттү. Стадионду куруу иштери жакынкы мезгилде башталат.

Ошондой эле, Өзбекстандагы Кыргызстандын Барак эксклавынан көчүрүлгөн жарандар үчүн курулуп жаткан Жаңы Барак айылынын куруу иштеринин учурдагы абалы менен таанышты. Курулуш иштеринин пландарын көрүп чыгып, тийиштүү тапшырмалар коюлду.