Камчыбек Ташиев Көк-Жаңгакта жаңы Бокс ордосун ачты

Кечээ, 9-августта УКМК төрагасы, Бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарында Бокс ордосунун ачылыш аземине катышты.

Бул спорт ордосунун ордунда буга чейин эски спорт залы болуп, жергиликтүү балдар машыгып келишкен. Спортчулар үчүн керектүү шарттары жок болгон. Ал эми имарат 2005-жылдары ашар жолу менен курулуп, талаптарга жооп берген эмес, эскилиги жеткен. Машыктыруучу Бакытбек Рыскулов жергиликтүүлөрдүн атынан Камчыбек Ташиевге кайрылып, балдар үчун Бокс ордосун жаңылап куруп берүүсүн суранган. Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн каржылык колдоосунун негизинде заманбап жаңы Бокс ордосу бир айдын ичинде курулуп, бүткөрүлгөн. Анда боксчулар үчүн жана башка спортчулар үчүн машыгуу каражаттары толугу менен камсыздалып, ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып: «Бул бокс ордосунан дагы бүгүнкү күндө Кыргызстаныбызды буткул дүйнөгө таанытып, Олимпиада оюндарында финалына чыккан Мунарбек Сейитбек уулундай боксчулар көп чыгат деп ишенем. Кудай буюрса, бул ордо жаштарыбыздын, келечек муундун сүйүтүү спорт ордосу болуп калышына тилектешмин», — деди.

Бокс ордосу учурда 200гө жакын спортчуларды машыктырууга ылайыкташып, кабыл алууга даяр. Бокс боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Бакытбек Рыскуловдун жеке көзөмөлүндө машыгуулар өткөрүлөт.