Камчыбек Ташиев: «Кудагыйым УКМКнын абагында отурат»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Регион телеканалына маек берип, мыйзам бузган жакындары да азыркы күндө абакта экенин айткан.

«Биз чогуу жүргөн көптөгөн тааныш тамырларды, досторду, жакын туугандарды жоготтук. Себеби мен жакындарымды да камап салбадымбы?! Ачык эле айтайын, менин бир кудагыйым 2022-2023-жылдары жасаган кылмышы үчүн азыр УКМКнын абагында олтурат.  Аны чыгарабыз деп кимдер гана келбеди? Бир тууган агамдын кудагыйы. Мен эч кимге макул болгон жокмун.  Ал мыйзамдуу жазасын тартышы керек. Агамдын баласы бир МАИни сөгүп койгон экен, аны да алып барып камадык. Эгер, мен аны камабай турган болсом экинчиси барып прокурорду сөгүшү мүмкүн. Анда коомубузда бардак башталат», — деди Камчыбек Ташиев.