Камчыбек Ташиев: «Кыргыз элим жана мамлекет үчүн мындан ары да ак ниет кызмат кылууга даярбыз!»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын өздүк курамын жана кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы менен куттуктады.
«Бул күн – өлкөбүздөгү өз алдынча эркин кадамдардын, башталыштардын, өзгөрүүлөрдүн башаты катары кылым карыткан Элибиздин көптөгөн кыйынчылыктарды, эркиндик үчүн далай жоонун мизин кайтарган салгылаштарды, ошол эле кезде өз өнүгүү жолунда көптөгөн аянычтуу жана жеӊиштүү мезгилдерди басып өтүп, тарыхый өзгөрүүлөрдү башынан кечирип, соӊку мезгилде дүйнөлүк коомчулукта өз ордун таап, кыргыз журтчулугунун туусун желбиреткен ыйык дата.
Биздин максат – жашоо шарты ыӊгайлуу, коопсуз, өз эмгеги, таланты менен ийгиликке жетип, өзүнө ишенген кубаттуу өлкөнү куруу жана эл коопсуздугун, бакытын жана алардын жаркын келечегин камсыздоо. Бул максаттарды иш жүзүнө ашырууда, албетте, алдыда далай бийик, опурталдуу ашуу-кырларды, аптаптуу жана ызгаардуу күндөрдү өтүүгө туура келет. Атайын кызмат мунун баарына даяр болушу керек. Катаал шарттардын алдын алып, анын кедергесин текке чыгарып, азайтып, Кыргызстандын өнүгүү жолунда чыга калчу буктурмаларды чебердик менен айланып өтүү — бизден тийиштүү руханий жана күжүрмөн даярдыкты, ак жүрөктүктү жана ички тазалыкты талап кылат.
Кыргыз элим жана мамлекет үчүн мындан ары да ак ниет кызмат кылууга даярбыз!» — деди өз сөзүндө Камчыбек Ташиев.