Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти кызматына жалгыз талапкер болду

Кечээ, 7-февралда Кыргыз футболдук союзунун Шайлоо комитетинин жыйыны болуп, анда союздун президенти, биринчи вице-президенти, вице-президенти жана аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө болгон шайлануучу кызмат орундарына талапкерлердин баштапкы тизмеси каралып, бекитилди.

Талапкерлик үчүн арыздар 5-февралга чейин кабыл алынган. Союздун Шайлоо кодексине ылайык, КФСтин бир мүчөсүнөн ар бир бош кызмат ордуна бирден талапкер көрсөтүлөт. Кыргыз футболдук союзунун президенттик кызматына бир гана талапкер — Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич көрсөтүлдү.

19-февраль күнү «Novotel» отелинин жыйындар залында КФСтин 2024-жылкы Кезексиз Конгресси орун алып, анын жүрүшүндө жетекчиликтин жаңы курамы шайланат.