УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы «Бек-Абад» чек ара өткөрмө пунктуна барып, курулуш иштеринин жүрүшү жана постту ачууга даярдык менен таанышты.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара толук аныкталып бүткөндөн кийин эки өлкөнүн ортосундагы бир нече өткөрмө постторду ишке киргизүү макулдашылган. Анын ичинде Жалал-Абад облусунан 6, Оштон 3 чек ара өткөрмө посттунун ачылуусу күтүүлүүдө.
«Бек-Абад» чек ара посту жөө адамдарды жана унааларды өткөрүүгө ылайыкталууда. Кирип чыккандарды каттоо үчүн жалпы алты терезе орнотулуп, күнүнө 7-8 миң кишини тейлөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. «Бек-Абад» чек ара өткөрмө пункту Жалал-Абад облусун Өзбекстандын Андижан облусу менен бириктирет. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жалпысынан 15 чек ара өткөрмө бекеттери бар.
Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасындагы постко барды (сүрөт)
- Categories: КООМ
Related Content
Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты
Автор
СЕРЕП МЕДИА
16:23 13.03.2026
Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди
Автор
СЕРЕП МЕДИА
10:08 13.03.2026
Мыйзамсыз акча чогултуу... Бишкек шаарынын №95 мектебинин директору кызматтан бошотулду
Автор
СЕРЕП МЕДИА
09:50 13.03.2026
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө
Автор
Эдита Ильясова
17:02 12.03.2026
Предметке карабайт... Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт
Автор
СЕРЕП МЕДИА
16:51 11.03.2026