Камчыбек Ташиев «кыргыз» сөзүнүн чечмеленишин айтты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасында кайрылууга олуттуу себеп болгонун жазды.

«Кечээ алыскы бир мамлекетте жумуш менен жүрсөм, менден «Кыргыз» деген кайдан келип чыккан, биздин билишибизче, бул кырк кыз деген сөздөн чыккан деп кыргыздар айтат, «ушул чынбы» деп сурап калышты. Мен «Кыргыз» деген сөз кырылгыс, түгөнгүс, анан Кыргыз деп аталып калган» деп айттым. Эмне үчүн мен муну айтып жатам, себеби, биз кыргыздар өзүбүз «Кыргыз» деген сөздү туура чечмелегенди, башкаларга түшүндүрүп берүүнү үйрөнүп, билип алышыбыз керек. Ар бир Кыргыз мына ушуну сөзсүз билишибиз керек. Бул биздин тарых жана келечек! Ал эми тарыхчыларыбыз да туура түшүндүрүп берет деген ойдомун», — деп жазды ал.