УКМКнын төрагасы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, бирок кооптуу экенин айтты

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, бирок кооптуу. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Чек ара маселелери бүтмөйүнчө, конфликт ар дайым болуп кетиши мүмкүн. Себеби ал жерде эл жашайт. Талаштуу жерлер көп. Эвакуацияланган адамдар кайра барышты, жашап жатышат. Чек ара маселеси баары бир кайсы бир маалда, бир күнү чечилет», — деди ал.