Ташиев: «Кыргыз-тажик чек арасында ок атуу болуп, тараптар бирден жарандарды кармап кетишти»

Кечээ, 1-декабрда УКМКнын Чек ара кызматы маалымат таратып, кыргыз-тажик чек арасында ок атуу болгонун билдирген. Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы окуя боюнча да комментарий берди.

«Чек ара тилкелеринде 3-4 күндөн бери бир аз кооптонуулар пайда болууда. Бирок биз ыкчам чаралар менен бүтүрүп жатабыз. Кечинде дагы Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арачылары жергиликтүү бийлик менен жолукту. Себеби кечээ кечинде мылтыктар атылып, Кыргыз тарап бир адамды, Тажик тарап бир адамды чек араларына киргизип кетишкен. Ошолорду алмаштыруу боюнча жана коопсуздуктуу сактоо боюнча иштер жүрүп жатат. Чек ара бекем, бирок кооптонуу бар. Аны биз моюнга алышыбыз керек», — деди ал.