Камчыбек Ташиев: «500дөй Ооган студентине виза берүүгө даярбыз»

УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев коомчулукка Ооганстандагы саясий кырдаалга байланыштуу, гуманитардык жардам берүү позициясын билдирди. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таратты.

«Акыркы жумаларда Ооганстанда болгон тез социалдык-саясий өзгөрүүлөр, коомдогу тынчтык жана стабилдүүлүк канчалык алсыз экенин көрсөттү. Кыргызстандын коомчулугу Ооганстандагы окуяларга абдан тынчсыздануу менен карап жатышат. Биз, ооган элинин оор сыноолорду башынан өткөргөнүн түшүнөбүз, Ооганстандын ар кандай саясий күчтөрү, өлкө үчүн жоопкерчиликти алып, дароо сүйлөшүү столуна отуруп, өз элинин кызыкчылыгында жана маанилүү бир чечимгекелишине чын дилибизден ишенебиз. Биз Ооганстандагы бардык саясий күчтөрдү өз өлкөсүндө гана эмес, бүткүл региондо туруктуулук жана гүлдөп -өсүү үчүн акылмандыкты жана жоопкерчилик сезимин көрсөтүүгө чакырабыз.

Кыргызстанды өзгөчө тынчсыздандырган нерсе афган жаштарынын тагдыры, айрыкча анын жаш кыздар бөлүгү, алар кыргыз жаштары сыяктуу эле заманбап билимдерди алууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана өз мекенинин жыргалчылыгы үчүн иштөө үчүн талап кылынган кесиптерге ээ болууга умтулушат. Биз өлкөнүн экономикасына байланыштуу, миңдеген үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп жаткан куралдуу саясий тирешүү шартында, сапаттуу билим алуу мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөбүз.

Ушул себептен улам, таланттуу афган студенттерине Кыргызстандын университеттеринде билим алуу үчүн студенттик виза берүү менен аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү милдетибиз деп эсептейбиз. Биздин университеттер региондогу эң эркин жана эл аралык университеттердин катарында. Биз мурда жергиликтүү билим берүү мекемелеринде окуган афган жарандарына виза берүүнү улантууга, ошондой эле Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окууну каалаган 500гө чейин студентти кабыл алууга даярбыз. Алар Кыргызстанга келүү, турак жай табуу, университет тандоо жана окуу акысын төлөө маселесин өз алдынча чечиши керек болот. Ошол эле учурда, Кыргызстандын Билим берүү министрлиги жана билим берүү мекемелери афгандык студенттерге отурукташууга, ылайыктуу университетти жана окуу багытын тандоого жардам берүү үчүн консультациялык колдоо көрсөтүү үчүн зарыл чараларды көрүшөт. Биз Ооганстандын бийлигин Кыргызстанда окууну каалаган студенттеринин биздин меймандос өлкөгө келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө чакырабыз. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында афгандык студенттердин даярдалышы элдерибиздин ар кандай тармактардагы достугун жана кызматташтыгын чыңдоого салым кошот деп ишенебиз. Биздин элдердин достугу жана кызматташтыгы ар турдуу тармактарда»,- деп айтылат маалыматта.