Камчыбек Ташиев күрөөкана ээлерине эскертүү берди

Бүгүн, 25-декабрда УКМКнын Чүй облусу боюнча Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Ташиев коопсуздук кызматкерлерине 2023-жылдын акыркы чоң тапшырмаларынын бири катары күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу талабын койду. Анткени насыяга акча берүүчү күрөөканалардын кызматын карапайым адамдар пайдаланып, алардын жогорку пайыздык үстөк кошууларын төлөй албай, жабыркап, турак жайынан, мал-мүлкүнөн ажырап жаткандыгы айтылды.

Андыктан төрага Улуттук банкты өлкөдөгү күрөөканалардын ишмердүүлүгүн лицензия боюнча текшерүүгө алууга чакырып, ар бир күрөөкана үстөк пайызын 30 пайыздан ашырбоосу керектигин билгиледи. Талапка баш ийбеген күрөөкана ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди.