Камчыбек Ташиев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча: «Кыргызстандын түбөлүгү үчүн аба менен суудай керек»

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Кыргызстандын түбөлүгү үчүн аба менен суудай керек». Бул тууралуу маекте УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргенин «7 канал» сайты жарыялады.

— Акыркы убакта айрым телеграм каналдарда “Кыргызстанга тоолор керек эмес. Экономика тоолорго каршы” деп Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу тоолорду, экологияны бузат деген маанидеги маалыматтарды аз-аздан таратып жатканы байкалууда. Ушул долбоор улуттук коопсуздукка терс таасир этиши мүмкүнбү?

— Тескерисинче бул жол салынбай калса, улуттук коопсуздугубузга таасир этиши мүмкүн. Бул жол салынышы керек. Бул долбоор Кыргызстандын түбөлүгү үчүн аба менен суудай керек. Бул долбоорго акылы жок же алысты көрө албагандар эле каршы чыкпаса, акылы тунук кыргызстандыктар каршы чыкпайт. Биз илгертен бери туюк өлкөдө жашап келе жатпайбызбы. Бул жолду куруу маселеси эгемендик алганыбыздан бери көтөрүлүп келе жаткан маселе. Ар кандай себептер менен башталбай келген. Президентибиз Садыр Нургожоевич бардык тараптардын тилин таап, баштап кетти. Бул жол бүтсө, дүйнөнүн эшиги мамлекетибиз үчүн ачык болот. Туюк өлкөдөн транзиттик өлкөгө айланабыз. Экономикабызда ИДПнын өсүшү бүгүн 8,1 пайыз болуп атса, бул жол бүткөндөн кийин мындан да жогору болот. Экологияны бузбаш үчүн максималдуу аракет болуп атат. Тоолорго тийбеш үчүн 15ке жакын тоннель тешилет. Телеграм каналга чагымчыл материал салып аткандардын максаты башка. Ошону жалпы эл-журт билип алыш керек. Бул жолдун курулушуна ичи ачышып жаткан тышкы күчтөр жок эмес. Эгер кимде ким каршы чыкса, ал ошол тышкы күчтөрдүн буйрутмасын аткаргандар деп билсек болот. Ошондуктан кандайдыр бир провокация болсо, дүрбөп чыгаардан мурда жети өлчөп бир кескиле дейт элем.