Камчыбек Ташиев: «Күзүндө, жазында төңкөрүш болот деген кыргызстандыктардын арасындагы «дүжүр» сөз»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Саясат» басылмасына маек берип, күзүндө, жазында революция болот деген — кресло жетпей калгандардын сүйүктүү сөзү экенин айтты.

“Күздө төңкөрүш, жазда төңкөрүш” деген бул кыргызстандыктардын арасында 2002-жылдагы Аксы окуясынан бери дайыма айтылып келген «дүжүр» сөз. Кресло жетпей калагандардын сүйүктүү сөзү. Ооба, чындыгында 2005-жылдан бери үч жолу революция болду. Экөөсү жазда, бирөөсү 2020-жылы күздө. Революция эмнеден келип чыгат? Бийлик коррупция, уурулук менен алектенсе же шайлоолорду адилетсиздик менен өткөрсө, революция келип чыгат. Шайлоолор таза өткөңдүктөн Атамбаевдин эки баласы тең депутат болуп олтурат. Муну да эсиңерге алып койгула. Бир эле команда берсек экөө тең өтпөйт эле»,— деди ал.