«Мамлекеттик кызматта иштеп, байып кетем» деген үмүт болбошу керек». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
«Мамлекеттик кызматка жүрөгү менен берилген, акыл-эси менен туйган, мамлекетке мекенчилдик сезим менен кызмат кылган гана адамдар керек. Ошого жараша мамлекет силерге кам көрөт», — деди Ташиев.